Коом

Биздин дарыгерлер Россияны эле карап турбастан Европанын ыкмасын да колдонсо,-дейт мекендеш

Көп жылдан бери Швейцарияда туруктуу жашап, иштеген мекендешибиз Чолпон Орозбекова кыргыз дарыгерлерине пандемиядан кутулуунун ыкмасын Европанын дарыгерлеринен дагы кеп-кеңеш алса дейт. Анын мындай билдирүүсү менен соцтармактагы баракчасына жазып калтырды.

Мындан 2-3 ай мурда Европада абал өтө оор болду. Биз жашаган Швейцарияда бир күндө 80-100 адам каза болгон учурлар болду. Бул вирусту дарылоонун сырын таппай, Европа өлкөлөрү азапты тартышты. Азыр деле бирин-экин дары айтыла баштаганы менен бул вирустун сыры толук ачыла элек. Бирок, кантсе да Европа өлкөлөрү кантип дарылаш керектигин, катуу жабыркаган өпкөнү кантип сууруп чыгышты үйрөнүп калышты деп ойлойм. Оор учурда Европанын медиктери бири бирине жардам берип атышты. Франциянын, Италиянын, Германиянын, Швейцариянын медиктери тынбай скайптан, зуумдан сүйлөшүп, тажрыйба алмашып атышты. Кантип дарылап атканын бири бирине айтып берип, дарылоонун этаптарын, кайсы дары-дармектер дурус натыйжа берерин, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын бөлүшүп, кайсы ыкма менен дарылоону чогуу кеңешип-таңашып атышты. Айтайын дегеним, биздин дарыгерлерге ушундай жардам зарыл. Россиянын медиктерин эле карап отура бергенде болбойт.

Ушундай кризисте чет мамлекеттеги элчиликтер да чуркашы керек. Европадагы медиктер менен биздин медиктерди сүйлөштүрүп, алардан кеп-кеңеш алып турушуна көпүрө болушу керек. Скайптан, вотсаптан жана зумдан тынбай сүйлөштүрүп, бардык маалыматтарды которуп берип туруу керек. Элчилик башташы керек дегеним, бул иштер мамлекеттик сүйлөшүүлөр аркылуу жасалат. Ал эми элчиликтерге биз окшогон жарандар жардам берүүгө даярбыз. Чынында, башка мамлекеттердин медиктеринен ошол кеп-кеңештер эчак алынышы керек эле.

Андай консультациялардан кийин анан зарыл дарыларды, дем алдыруучу аппараттарды чет өлкөлөрдөн кененирек алдырып жетишип калуу керек эле. Тышкы иштер министрлиги бул багытта иш алып барып атабы же жокпу билбейм. Балким башталгандыр, баштала элек болсо биздей жарандардын да күчүн пайдалансын. Чын дилден даярбыз. Мисалы, эң эле жөнөкөй суроо тест боюнча. Швейцарияда тесттин жыйынтыгы бир-бир жарым саатта чыгып атат. Эмне үчүн бизде тесттин жыйынтыгы кеч чыгат? Кандай тест так жана ыкчам болмок?

Иши кылып суроо абдан көп да. Балким, Европа өлкөлөрү жана донорлор тест менен камсыздап беришет. Ошондой эле дарылоо ыкмасы тууралуу элге туура маалымат жеткирүү керек. Мамлекеттик жана менчик телеканалдар аркылуу тынбай бере баштабаса, элге так маалымат жетпей атат. Үй шартта эмне кылуу керек, антибиотикти эмне үчүн ичпеш керек, суюктук ичиш керекпи, кантип изоляция болуу керек, тердеш керекпи, эт табын кантип түшүрүү керек, тестти каяктан тапшырат, рентген зарылбы жб толтура суроолорго күнү-түнү маалымат бере башташ керек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button