Такси кызматына эс алуу күндөрү (ишемби жана жекшемби) иштөөгө уруксат берилди. Бирок санитардык нормалар сакталышы керектигин Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 2-июлда билдирди.

Буга чейин мэр Азис Суракматов коомдук транспорттор (троллейбус, автобус, кичи автобус, такси кызматы) иш күндөрү саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана 17:00дөн 21:00гө чейин каттарын, ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү иштебей турганын маалымдаган болчу.

«Эс алуу күндөрү коомдук транспортту чектөө жөнүндө» токтомго өзгөртүүлөрдү борбор калаанын вице-мэри, эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын төрагасы Татьяна Кузнецова киргизген.

Мэрия айдоочуларга ооруп же оорунун белгилери байкалса каттамга чыкпоого, дайыма бет кап тагынып, антисептиктерди колдонууга чакырды. Ошондой эле унаанын ичин таза кармап, желдетүү талаптары коюлду. Жүргүнчүлөр дагы санитардык нормаларды сакташы керек.