Ош шаарынын мэри Сарыбашов Таалайбек Насирбековичтин бир тууган агасы Сарыбашов Камбараалы Насирбекович каза болду. Бул тууралуу, Жалал-Абад шаардык мэриясынын жамааты көңүл айтып, азасын тең бөлүшкөнүн социалдык баракчасына жазды.

“Көңүл айтабыз!

Ош шаарынын мэри Сарыбашов Таалайбек Насирбековичтин бир тууган агасы Сарыбашов Камбараалы Насирбековичтин ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын жамааты көңүл айтат. Аганын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Мэр Таалайбек Насирбековичке жана жакындарына сабыр тилейбиз». –деп жазылат билдирүүдө.