Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында “Тез жардам” унаасын түрткөн медицина кызматкерлерин айтып жатып ыйлап жиберди.

Анын айтымында, учурдагы оор абалда ак халатчандар кыйынчылыктарга карабай иштеп жатышат.

“Медицина кызматкерлери “Тез жардам” унаасын түрткөн абал тууралуу айтсам, анда медиктер эч нерсеге карабай, күнү-түнү иштеп жатат. Чындыгында техника деген техника ар кандай убакта бузулат экен, андыктан мындай абалга эч ким кепилдик бербейт. Ал эми дарыгерлер бейтаптарды сактап калуу үчүн бар күчүн жумшап жатышат”, — деди Акматова.