Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын эмне үчүн өлкөдө коронавирус менен ооругандар катталбаганын түшүндүрдү. Анын айтымында, бул Эмгек партиясынын ишинин жана калктын биримдигинин аркасында ишке ашкан. Бул тууралуу РИА Новости  агенттиги  жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын бейшемби күнү Эмгек партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун жыйынына катышкан.

Урматтуу улук лидер, алты айлык өзгөчө кырдаалдагы эпидемияга каршы күрөшүү ишин өзгөчө талдап чыгып, дүйнөлүк саламаттыкты сактоодогу кризиске карабастан, биз коркунучтуу вирустун аймакка кирүүсүн толугу менен токтотуп жатабыз жана эпидемияга каршы туруктуу абалды сактайбыз«, — деп билдирген борбордук көзөмөл комиссиясы.

Ал эми Ким Чен Ын бул ишти сыймыктуу жетишкендик деп эсептеп, партиянын борбордук комитетинин башкаруу жөндөмү жана буйруктар боюнча иш алып барган элдин биримдигинин аркасында ушундай жеңиш болгонун баса белгиледи.

Расмий маалыматтар боюнча, дүйнөдө 188 өлкөдө вирус катталган, ал эми Түндүк Кореяда коронавирустук инфекциянын бир дагы учуру каттала элек.