Коом

Нур-Султан шаарында өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге эстелик орнотулду

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында бүгүн өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге эстелик орнотулду.

Акорд сайтынын маалыматына  ылайык, өлкөнүн учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев салтанаттын ачылыш аземине онлайн режимде катышкан.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Нурсултан Назарбаев көзкарандысыз мамлекеттин өнүгүшүнүн стратегиялык жолун аныктаган жана жалпы максатка жетүү үчүн элди бириктирген азыркы Казакстандын негиздөөчүсү экендигин белгиледи.

Президенттин айтымында, Улуттук Коргоо Университетинде эстелик орнотуу терең символикалык иш болуп саналат, анткени Казакстандын Куралдуу Күчтөрү биринчи президенттин жарлыгы менен түзүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button