Өкмөт кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алуу үчүн 50 млн сом бөлдү.

Бул тууралуу, Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, тиешелүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду. 

 Ага ылайык, чечим өлкө аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында кабыл алынды. 

Чечимге ылайык, 50 млн сом Кытайдан кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алуу жана аларды Кыргызстанга жеткирүү үчүн бөлүндү.