Ошто пневмония жана башка өпкө инфекциялары менен ооруган бейтаптар үчүн кошумча 600 орун даярдалды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

-Т. Кулатов кичи районундагы “Газпром” спорт комплексинде 100 орундуу стационар ачылды.

-Ош Мамлекеттик университетинин жатаканасында 300дөн ашык орундук даярдалды.

— “АндросОш” жеке менчик медициналык борборунда жана “Классик” отелинде 100дөн ашуун орун даярдалды.

-Ал эми ”Sun Rise” мейманканасында 50 орундуу обсервация даярдалды.

-Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бул обьекттер менен таанышып, «Каныкей» ресторанынын базасында күндүзгү медстационар даярдоону тапшырды жана бардык жардам көрсөткөн жеке ишкерлерге ыраазычылыгын билдирди.