Кечээ, 6-июлда саат 09:45 чамасында Бишкек шаарынын 8-кичи районунда жайгашкан батирдин ичинен эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Куткаруучулар батирдин жабылып калган эшигин ачып берүү үчүн чакырылган. Маркум 1940-жылы туулганы такталды. Жансыз дене ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.