Токтогул районунда 2020-жылдын 6-июль күнү саат 19:38де Бел-Алды айылынын Борду-Кыя суусуна 2001-жылы туулган жаш бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Жерине куткаруучулар тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, саат 20:45те суудан жаш баланын жансыз денесин чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.