Өлкөдө төрт жергиликтүү судья Жогорку соттун судьялыгына шайлангандыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү айрым соттор жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Ош шаардык сотунун судьясы Нурланбек Атаназаров, Бишкек шаарынын Свердлов районунун судьясы Инара Гилязетдинова, Чүй облусунун Сокулук районунун судьясы Күмүшбек Жоомартов, Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы Нурманбет Эшалиев мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.