Саясат

Облустар аралык жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспортторду токтотуу иши каралат

Республикалык штабда облустар аралык жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспортторду ишин токтотуу маселеси каралат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, облустарга кирген жерлерде санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлүүдө.

«Бишкектин жашоочуларын бул күндөрү аймактарга каттабай турууга, облустардын тургундарына коркунуч келтирбөөгө чакырам. Азыркы учурда, айрыкча оорунун белгилери билинбей же жеңил өткөн кээ бир адамдар өздөрүн дени сак сезишип же кадимки эле сасык тумоо катары кабыл алган учурлар көп кездешүүдө. Бир адамдын иммунитети жогору, бир адамдын иммунитети начар болушу мүмкүн.

Ооруну жуктуруп алып, бирок кыска убакыттын ичинде өзүн жакшы сезип калган жарандарды башкалар менен байланышпай турууга чакырам. COVID-19 инфекциясына тапшырылган тесттин жыйынтыгы терс чыккандыгына карабастан, жарандарда өпкөнүн сезгенүүсү аныкталган учурлар бар. Ушундай шартта өз алдынча эмес, бир гана дарыгерлердин көрсөтмөсү менен дарылануу зарылдыгын эсиңерден чыгарбагыла! Бул оорунун күчөп кетишинин алдын алат», — деди премьер-министр. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button