Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлерин бир ай боюу түшкү тамак-аш менен камсыздоону мойнуна алды.

Бул үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылган бейтаптар көп болгондуктан, өмүр сакчылары түнкү саат 12-1ге чейин капельница коюп, иштөөгө туура келет.

Аталган үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 35-40 медкызматкери эмгектенет. Андан сырткары эл өкүлү медициналык керектүү жабдыктарды, эки кислороддук аппарат алып берди.