КоомСаясат

Чыныбай Турсунбековдун сөөгү бүгүн Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди

Жогорку Кеңештин депутаты, кыргыз элинин мыкты уулу Чыныбай Турсунбековдун сөөгү бүгүн, 7-июлда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын жакын туугандары жана бийлик өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков акыркы сапарга узатуу зыйнатында сөз сүйлөп, маркумдун жубайына, балдарына жана жакын туугандарына Президенттин, эл өкүлдөрүнүн жана өзүнүн атынан көңүл айтты.

Чыныбай Турсунбеков 1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак айылында төрөлгөн. Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, 1995-1997-жж. Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин алдында Кыргызстан боюнча адис, «Манас-1000» Мамлекеттик комитетине караштуу «Манас дастаны» филиалынын директору.

Ал филология илиминин кандидаты, СССР Жазуучулар жана СССР Журналисттер союзунун мүчөсү. Бир нече ырлар жыйнагынын автору.

Ч.Турсунбеков 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп шайланып, КСДП фракциясын жетектеген. 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланганга чейин КСДП фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын башчысы болгон.

2016-жылы 27- апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган жана бул кызматта 2017-жылдын 25-октябрына чейин иштеген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button