Кеңеш

Аптаптуу ысыкта спирт ичимдиктерин ичүүнүн зыяны

Психиатр-нарколог Алексей Казанцев Sputnik радиосуна берген маегинде ысыкта спирт ичимдиктерин ичүү коркунучун түшүндүрдү.

Адистин айтымында, абанын жогорку температурасында кичинекей алкоголдук ичимдиктерден да тез эле мас болот. Ошондой эле, алкоголдук ичимдиктер жаракат алуу коркунучун жогорулатат.

«Көбүнчө ысык аба-ырайында мас абалында адам сууга түшүүгө аракет кылат, фонтандарга, ар кандай сууларга тереңдигин билбей туруп  түшөт«,— дейт Казанцев.

Нарколог ысык аба-ырайында спирт ичимдиктерин таштоону же газдалбаган алкоголсуз суусундуктарды тандоону сунуш кылды. Ошол эле учурда, аларды муз же муздак суу менен аралаштыруу керек.


Буга чейин ДССУ алкоголдук ичимдиктерди, ичеги-карындын, эмчек, кызыл өңгөч, кекиртектин, боордун, алкымдын жана ооз көңдөйүнүн рак оорулары менен байланыштырган. Алкоголдук ичимдиктердеги негизги канцероген — бул этанол, ал клеткаларга зыян келтирет. Ошондой эле ал аялдарда рак клеткалардын көбөйүшүн күчөтүп, эмчек рагынын пайда болуу коркунучун жогорулатат.

Ошону менен бирге ДССУ, жүрүп жаткан пандемияга каршы эмдөө иретинде алкоголдук ичимдиктерди ичпөөнү сунуштайт. Ал тескерсинче организмде вирустун бат жугуусуна шарт түзөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button