Борбор калаада коронавирус жана пневмониядан каза болгондорду көмүү кызматынын баалары көтөрүлдү. Бул маалыматты Бишкектеги Сөөк коюу агенттигинин (БАРУ) башкы инженери Кубанычбек Усупбаев тастыктады.

Анын айтымында, бул жумушчулар үчүн атайын кийимдердин жана атайын шаймандардын баасы, дезинфекциялоо жана зыяндуу эмгек шарттары үчүн акы төлөө менен байланыштуу.

«Европалык тибиндеги кадимки көрүстөндүн баасы 5,8 миң сом, ал эми пневмониядан же COVID-19дан каза болгон адам үчүн — 9,5 миң сом. Мусулман типтеги бейиттин баасы 7,5 миң сомдун тегерегинде, ал эми пневмониядан же коронавирустан каза болгон адам үчүн 10,8 миң сом турат. Сөөк коюу шаардык көрүстөндө — Гроздь айылында жасалат, бирок мүрзөнү тандоодо эч кандай чектөөлөр жок», — деди Кубанычбек Усупбаев.

Ал белгилегендей, сөөк коюу учурунда алардан акыркы сапарга узатуу үчүн келгендердин санын чектөөнү суранышкан. Бирок бул учурду эч ким көзөмөлдөгөн  жок.

Эске сала кетсек, акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 44 адам пневмониядан, ал эми 13 киши коронавирустан көз жумган.

Булак: NazarNews.kg