КРнын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков пневмония жана коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн курулуп жаткан ооруканага 2 миллион сом которо турганын айтып, билдирүү калтырды.

«Биз буга чейин катышуучулардын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен гив ойнотконбуз. Андан 2 миллион сомго жакын каражат топтолду. Бул акча каражат Бабур Тольбаев баштаган инсандардын демилгеси менен 2 оорукана тибинде жатакана салынууда. Бизге түшкөн каражатты ошол жака жумшайбыз. Азыр элибиздин саламаттыгын аман сактап калуу биринчи орунда турат. Гивди аягына чыгара албай калдыңар деп сар санаа болбоңуздар. Эгер сурагандар болсо пандемия бүткөндө өз маңдай терим менен таап кутулам»,-деди Атабеков.