Саясатчы, коомдук ишмер Камчыбек Ташиев ооруканадан чыгып, ал бала жакшырганын айтып, төмөнкүдөй билдирүү калтырды.

«Урматтуу Кыргыз калкым! Биз бүгүн больницадан чыктык. Эми калган дарыланууну үйдөн улантабыз. Элимдин дубасы, ак тилектери, АЛЛАХымдын буйругу жана ак халатчан баатырларыбыздын зор эмгектери бизди сактап калды! Миңдеген адамдардын телефон, ватсап жана башка суроолоруна, каалоолоруна жооп бере албадым, туура түшүнүнүздөр. Баарыныздарга ыраазымын, эми жашоом кайрадан башталды. Мындан кийинки өмүрүм элдики, баардыгын элге деп өтөмүн, бүгүнтөн баштап жардам берүүчүлөрдүн чоң армиясынын катардагы солдатымын! Жаша Кыргызстаным, дем ал, дем ал боордошум, ынтымакта женебиз!,-деди Ташиев.