“Ассанабил” Эл аралык Араб Кайрымдуулук Фонду Саламаттыкты сактоо министрлигине ИВЛ жана жеке коргонуу шаймандарын берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматта айтылгандай, бөлүмгө гуманитардык жардам катары төрт ИВЛ аппараты, 2 миң FFP2 респиратор, 1 миң коргоочу кийим, көз айнек, 10 миң беткап жана 100 миң кол кап алынган.


«Мындан тышкары, жети тез жардам унаасы буга чейин эле буйрутма берилген жана айдын аягына чейин жеткирилиши керек»,- деди фонддун башчысы Саид Бауми.