Кыргызстан коронавирусту дарылоодо вируска каршы авифавир дарысын алуу үчүн Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Буга чейин аталган дары Казакстанга алып келингени тууралуу айтылган. Акматова өткөн жумада Россиядан Кыргызстанга Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары Вячеслав Смоленск баштаган делегация келгенин эске салды.

«Делегациянын курамында Бакулев атындагы Илим-изилдөө институтунун өкүлдөрү, реаниматологдор бар болчу. Авифавир дарысы боюнча маселе көтөрүлгөн. Биздин эксперттик топ дагы бул суроону карап жатат. Министрлик болсо Россия тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүдө», — деди Акматова.

Авифавир дүйнөдө коронавирусту дарылай турчу эң эффективдүү дары болот деп ишендирип жатышат. 2014-жылдан бери аны Япония сасык тумоонун оор формасын дарылоо үчүн колдоно баштаган. Коронавирус пандемиясынан улам россиялык окумуштуулар дарыны модификациялап, дарылоо протоколун өзгөртүшкөн.