«Мындай сунуштамалар боюнча адистер бирдиктүү пикирди карманууда. Коронавирусту дарылоо жана изилдөө менен түздөн-түз алектенбеген адистердин таратып жаткан сунуштамаларын аткарууга болбойт. Айрыкча, бул сунуштардын автору ким экени белгисиз болуп жаткан учурда», — деп билдирди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Анын айтымында, ар бир өлкө улуттук протоколду иштеп чыгып, дарыгерлеринен аны так аткарууну талап кылат.

«Тилекке каршы, амбулаториялык дарыланууда булчуңга сайма инъекциялар жана капельница түрүндөгү дары-дармектер көп колдонулууда. Сиздерден өз алдынча дарыланбоону суранабыз, эуфиллин и дексаметазон сыяктуу күчтүү дары-дармектерди өз алдынча колдонбоңуздар. Бул дарыларды акыркы чара катары жана дарыгердин көрсөтмөсү боюнча гана колдонсо болот. Дарылоо рецептерин интернеттен жана башка булактардан алуунун кажети жок. Дарыгердин көрсөтмөсүн гана аткарыңыз, ал өз кезегинде тиешелүү клиникалык протоколдорду аткарат», — деп чакырды А.Исмаилова.

Ал ошондой эле күчтүү дары-дармектер абалды начарлатып, олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.