“Бүгүнкү күндө Ош облусунда абал көзөмөлдө, күндүзгү стационарлар көбүнчө медицина мекемелеринде ачылып жаткандыктан ал жакта медкызматкер 90 пайыз жетиштүү иштеп жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

«Бирок, биз буга карабастан кандайдыр бир себептерден улам иштебей жүргөн медицина кызматкерлерин ишке чакырабыз. Ыктыярчы медиктерге эмгек акы төлөнөт жана бардык шарттар каралат”, — деп билдирди ал.

Анын айтымында азыркы учурга жеке коргонуучу каражаттар, кислород концентраттары, беткап, респираторлордун камы көрүлгөн. Ыйгарым укуктуу өкүл ар тараптан колдоо көрсөтүп жаткан демөөрчүлөргө жана Москва шаарындагы мекендештердин колдоосуна ыраазычылыгын билдирди.