10-июлдан тарта Өзбекстан  “кызыл” зонага өткөрүлдү. Бул тууралуу 8-июлда Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Шохрух Гиясов Ташкентте брифинг учурунда билдирди.


«Буга чейин атайын комиссия Ташкент облусунда иштеген Ташкендин тургундарына борборго келип иштөөгө уруксат берген. Эми ага тыюу салынат ”, — деди Шохрух Гиясов.


Анын айтымында, Өзбекстандын бардык аймактары «кызыл» зонага өткөрүлөт. Мындан тышкары, 10-июлдан 1-августка чейин карантин күчөтүлүп, азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалар гана иштей алат.

Ошентип, Өзбекстан 10-июлдан 1-августка чейин карантиндик чараларды күчөтөт.