Пневмониядан каза болгон экс-муфтий Чубак Жалиловдун сөөгүн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылына алып кетишти. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ажынын сөөгүн өлүкканадан алып чыккандан кийин ага жаназа окулду. Ага шаар тургундары катышты. Ажынын туулган айылында дагы жаназа окулат. Анын сөөгү Аср намазы окулганга чейин жерге берилип калат», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.