Бразилиялык Андре аттуу өспүрүм карантинде чоң апасына, смартфон аркылуу видео чалууну үйрөтүү үчүн инфографиканы түздү. Бул тууралуу Globo билдирди.

Бала чоң апасы смартфондун буйруктарын түшүнбөй калбоосу  үчүн, видео чалууга  керектүү болгон бардык кадамдарды баракка түшүргөн.  Инфографика «Жашыл баскычты тандаңыз», «Телефондун сүрөтүн басыңыз» сыяктуу сунуштарды, ошондой эле туура эмес тандоо жол-жобосун камтыйт.


Өспүрүм социалдык тармактарда өзүнүн методологиясы менен бөлүшүп, ал сунуш кылган окутуу ыкмасы аркылуу чоң энеси видео чалууларды өзү, башкалардын көмөгүсүз аткара  баштаганын белгиледи.