Бишкек шаарында Кожомкул атындагы спорт сарайындагы күндүзгү стационардан акыркы ийне жана дары тамчылатма алып, сакайып чыккан бейтаптарды калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Татьяна Кузнецова жана мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев үйлөрүнө узатышты. Бул тууралуу мэриядан кабарашты.

Шаар тургундарынын айтуусу боюнча, курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциянын белгилерин сезгенде эле мэриянын күндүзгү стационарларына кайрылышып, керектүү медициналык кеңеш, инфузиялык терапия жана инъекциялар курсунан өтүшкөн. Азыркы тапта алар өздөрүн жакшы сезип жатышат.

Белгилей кетсек, стационарлар 11 миң 370 жаранды кабыл алды жана кезекте тургандардын саны азайды. Шаардыктарга ыңгайлуу болуусу үчүн электрондук кезек терминалы (талон берүүчү) орнотулган.

Бүгүнкү күндө калаада 9 стационар иштеп жатат. Ар бир стационарда Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медиктери, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатышат.

Коомдук фонддордун жана ишкерлердин аракети менен дагы бир нече стационар ачуу пландалууда.