Бүгүн, 11-июлга карата Ысык-Көл облусунда коронавирус илдетинин жаңы 6 учуру табылды.

Облустук штабдын маалыматына ылайык, алар менен 20 жаран байланышта болгон.

Жаңы катталган бейтаптар:

1. Ысык-Көл районунун 1978-жылы туулган тургуну. Илдетти кайдан жугузуп алганын билбейт. Оорунун белгилери жок;

2. Балыкчы шаарынын 1986-жылы туулган тургуну. Оорунун белгилери жок. Илдет кайдан жукканы белгисиз. Үй карантинде;

3. Балыкчы шаарынын 1983-жылы туулган тургуну. Оорунун белгилери бар. Ооруканада;

4. Түп районунун 1984-жылы туулган тургуну. Үй карантинде. Кимден жугузуп алганы белгисиз;