Чубак ажыны Улуттук госпиталь кабыл албай койгон деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлап, эл ичинде тарап жаткан маалыматтар боюнча түшүндүрмө берди.

Эскерте кетсек, диний аалым түндө каза болгон.


«Чубак ажы Жалилов 10-июль күнү саат түнкү 12.00дөрдө Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө алып келинген. Эки тараптуу пневмония өрчүп, дем жетишсиздигинин үчүнчү даражасы деген диагноз коюлган. Мындан сырткары, бейтап кант диабетинен да жабыркап келген. Тилекке каршы, реанимациялык аракеттерге карабастан саат 2.50дө каза болуп калды. Оорукана кабыл албай койгон деген билдирүү чындыкка дал келбейт», — деп айтылат маалыматта.

Экс-муфтийдин сөөгү кичи мекени — Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында жерге  берилери айтылган.