Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Мексикада жаңы коронавирус пандемиясынан улам каза болгондордун саны 35 миң адамдан ашса, пандемия башталган күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин 299 750 адам бул илдетке чалдыккан.

Ошондой эле дагы 75 миң адам SARS-CoV-2 вирусуна карата тесттин жыйынтыгын күтүшүүдө. Мексика Саламаттык сактоо министри Уго Лопес-Гательдин билдирүүсү боюча келе жаткан аптада өлкөдөгү эпидемиологиялык коопсуздук белгилери өзгөрүүсүз калат.

Ошентип, өлкө бүгүн оору көрсөткүчү боюнча Италияны кууп өтүп, дүйнө жүзү боюнча төртүнчү орунга чыкты.