Акыркы учурда массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда Төрт-Гүл суу сактагычында суунун көлөмү азайганы боюнча жарыяланып жаткан материалдар боюнча.

Төрт- Гүл суу сактагычына жылына 90 млн суу топтолот.

Бүгүнкү күндө Төрт-Гүл суу сактагычындагы суунун көлөмү 28 млн кубду түзүүдө.Өткөн жылга салыштырмалуу 6 млн кубка аз же болбосо 2019-жылдын ушул мезгилине Төрт-Гүл суу сактагычында 34 млн суу болгон.

Төрт-Гүл суу сактагычы бүгүнкү күндө Баткен районунун 7498 га жана Баткен шаарынын 1575 га жерин сугат суу менен камсыздап келет.

Быйылкы жылы Төрт-Гүл суу сактагычынан Баткен районунун жана Баткен шаарынын айдоо жерлери үчүн сугат суу берүү мезгили март айынан башталган, же болбосо 6.3 млн куб суу жазгы сугат үчүн берилген.

Ошол эле учурда белгилеп кетүүчү нерсе, 2019-жылы март айында сугат суу берилген эмес.

2019-жылдын төрт айында март, апрель, май, июнь айларында Төрт-Гүл суу сактагычынан 68.8 млн м3 суу чыгарылган болсо, 2020-жылы ушул төрт ай ичинде 85.2млн м3 суу чыгарылган.

Айырма 16.4млн м3 түзөт. Же болбосо 2020 жылдын төрт айында 2019-жылга салыштырмалуу 16.4 млн м3 суу көп чыгарылган.

Мунун негизги себеби жаздын келиши менен, таажы вирусу оорусуна байланыштуу карантин болуп, дыйканчылык, багбанчылык менен алектенгендер көп болуп, 2019-жылга караганда Баткен району жана Баткен шаарында жалпы 197 га жер көп эгилген. Белгилей кетсек жылдан жылга жаңыдан оздоштүрүлгон жерлердин аянты кеңейип барат. Мындан улам сугат сууга болгон муктаждык жогорулаган.

Ошондой эле,быйылкы жылы Ак-Суу дарыясындагы суунун агып келиши аба ырайына байланыштуу жылдагыга салыштырмалуу 30% чейин аз болууда .

Ак-Суу дарыясынан Төрт-Гүл суу сактагычына агып кирип жаткан суу орточо 6.5м3/с болсо, агып чыгып жаткан суу 10.8м3/с айырмасы 4м3/с сууну түзүп келген.

Бүгүнкү күндө сууну сарамжалдуу пайдалануу жагы, облусттук өкүлчүлүк тарабынан түздөн түз көзөмөлгө алынып, Төрт-Гүл суу сактагычындагы-суунун өлчөмү 28 млн кубдун тегерегинде турукташты.

Ал эми Тажикстан Республикасына суу нормадан көп өлчөмдө берилип жатат деген сөз чындыкка дал келбейт. Ак-Суу дарыясындагы сууну бөлүштүрүү боюнча СССР учурунда түзүлгөн үч тараптуу келишимде Кыргызстан, Тажикстан, Өзбектан мамлекеттери биргеликте пайдалануу жагы белгиленген.

Төрт-Гүл суу сактагычынан тажик тарапка алардын кайрылуусунун негизинде берилген суулар.

2018-жылы 7млн 948 мин м3

2019-жылы 7млн 431 мин м3

2020- жылы 7млн 730 мин м3 суу берилген.

Учурда аталган суу сактагычтан келүүчү сууга болгон таңкыстык жок.


.