Бир күнү таксист байке менен сүйлөшүп калдым. Негизги жумушу хижама жасоо экен. Бош убакытта таксовать этип коет экен. Көпкө сүйлөшүп бардык. Мага эң кызыгы, аял менен эркектин организминдеги кан айлануудагы айырмасын айтып бергени болду. Кыскартып айтканда мындай дейт.

Аялдарда ай сайын кан жаңыланып турат. Ошон үчүн алар эркектерге салыштырмалуу азыраак оорушат. Кандын жаңыланып туруусу аябай маанилүү, деди.
А биз эркектер кокустан эле мушташып кетип кан чыкпаса, эски уюшкан коюу кан менен жүрө берет экенбиз. Ал көптөгөн ооруларга себеп болот экен. Адамдын каны жаңыланып туруш керек экен. Ошого эркектер жок дегенде хижама аркылуу канды жаңылап тургула деди. Же экинчи вариант, мушташып токмок жеп, кансырап тургула 🙂 (тамаша албетте)

Анан азыркы пневмания да өпкө тарапта кан топтолуп, жакшы айланбай калгандыгынан улам чыгып атат деп атышпайбы. Интернетте да ушундай видеолор жүрөт.
Кыскасы урматтуу мырзалар жок дегенде канды ушундай жолдор жаңылап туралы. Себеби аялдарга окшоп тигиндей артыкчылыгыбыз жок экен бизде.

Окугандардын арасында врачтар болуп калса, оюңарды бөлүшсөңөр жакшы болмок. Кандын жаңыланып туруусу канчалык маанилүү экенин илимий жолдор менен түшүндүрүп дегендей.

Баса, азыркы вирустан каза болгондордун арасында эркектер көбүрөөк эместейби…

Сүйүн Откеев