Forbes журналынын маалыматына ылайык Amazon башкы директору Жефф Безостун мурдагы аялы Маккензи дүйшөмбү күнү, тагыраак айтканда 13-июль күнү эки саат боюу дүйнө жүзүндөгү эң бай аялдын макамын кармап туруу бактысына туш болгон.

Аталган журналдын билдирүүсү боюнча бул учурда Маккензинин байлыгы 65,2 миллардды чапчыган. Шейшемби күнү, тагыраак айтканда бүгүн эң бай аялдын макамын L’Oreal негиздөөчүсү Франсуаза Бетанкур-Майер өзүнө кайтарып алган. Бул учурда Безостун байлыгы 60,8 млрд долларга чейин төмөндөгөн.

Белгилей кетсек, 2019-жылы Жефф Безос менен ажырашканда Маккензиге күйөөсүнө таандык акциялардын 25%ы тийген эле. Бүгүн Безос жана анын мурдагы аялынын байлыгы Amazon компаниясынын акцияларынын кымбатташына ылайык саат сайын көбөйүп жүрүп отурууда.