Белгилүү теле алыпбаруучу, «Добра» штабынын жетекчиси  Ассоль Молдокматова пандемия менен болгон күрөштө көмөктөшүүсүн суранып Орус президенти Владимир Путинге ачык кайрылуу жасады.

Анда ал Кыргызстанда азыр гуманитардык катастрофа болуп жатканын, өлкөдө илдеттен өлгөндөр боюнча көрсөткүч  жогорку чекте экенин айткан.

Ошондой эле ал Орусия коронавируска каршы мыкты күрөш жүргүзгөнүн белгилеп, көмөк көрсөтүүсүн өтүнгөн.

https://www.instagram.com/p/CCnHLnSHH_5/?igshid=hp22qpancj1i