АКШ президенти Дональд Трамп эки өлкө ортосундагы начарлап кеткен мамилелер боюнча КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт. Бул тууралуу ал шаршемби күнү журналисттер менен болгон брифингде билдирген.

Буга чейин Трамп Пекиндин Гонконгго карата жасаган аракети үчүн кытай аткаминерлерин жоопкерчиликке тартуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Мындан сырткары, ал Кытай менен болгон соода-сатык иштеринин экинчи бөлүгүн талкуулабай тургандыгын, буга Кытай тараптын 1984-жылкы британиялык-кытайлык декларация эрежелерин бузуусу себеп болгондугун айткан.