Бишкек шаарынын стационарларынын биринин базасында жандандыруу бөлүмүн ачуу пландалууда. Ылайыктуу жана ыңгайлуу жайгашкан имаратты ыкчам түрдө табуу зарыл. Тиешелүү тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов  бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Буга чейин «Семетей» госпиталынын аймагында 50 орунга эсептелген жандандыруу ачылган. Азыр анда эң оор абалдагы 16 бейтап дарыланып жатат. Бирок госпитал шаардын четинде жайгашкандыктан, биз өтө баалуу болгон убактыбызды коротуп жатабыз. Ошондуктан Бишкек шаарынын ичиндеги стационарлардын биринде убактылуу реанимация бөлүмүн ачуу чечими кабыл алынды», — деди премьер-министр.

Ошону менен бирге Кубатбек Боронов түнкү стационарларды ачуу процессин тездетүүнү тапшырды.

«Адамдар келип ийне сайдырып, кайра үйүнө кетип турганга түнкү стационарлар керек. Бишкек мэриясы түнкү стационарлар үчүн орун табышты. Алар жакын арада ачылат. Саламаттыкты сактоо министрлиги түнкү стационарларды зарыл дары-дармектер жана медициналык жабдуулар, медициналык персонал менен камсыз кылат. Стационардын аймагында күндүзгү стационарлардагыдай дарыканалар иштейт. Бейтаптар бүт шаарды кыдырып дары издебеши керек», — деп белгиледи ал.