Баткен облусуна 20 кычкылтек концентратору алынып келинди. Бул тууралуу, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы  кабарлады.

«КР Өкмөтү тарабынан облустун саламаттыкты сактоо мекемелерине 20 кычкылтек концентраторлору берилди.

Бул аппараттар облустун район шаарларына муктаждыкка жараша бөлүнүп берилди.

Буга чейин облуста 42 ивл аппараты, 134 кычкылтек концентратору бар болгон.

Мындан сырткары күн сайын коомчулук тарабынан кычкылтек концентраторун алып берген жарандардын катары көбөйүүдө»,-деп айтылат билдирүүдө.