Өлкөнүн саламаттыкты сактоо уюмдарына 13 жаңы «Тез жардам» кызматынын унаасы өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта унаалар өлкөнүн жети облусундагы мекемелерге бөлүнүп берилери айтылат.

«Тез жардам» кызмат унааларынын жалпы суммасы 764 миң 900 долларды түздү. Алынган 13 унаанын үчөөндө жасалма дем алдыруучу аппараттар бар. «Тез жардам» унаалары бейтапка алгачкы жардам көрсөтүү үчүн бардык жабдуулар менен жабдылган«, — деп жазылат маалыматта.