Нью-Йорк шаарындагы квартиралардын биринин полиция эркек адамдын башы жок денесин тапкан.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча киши колдуу болгон бул адам 33 жаштагы Фахим Салех аттуу ишкер болуп саналат. Ал өткөн жылы 2,25 миллион долларга батир сатып алган.

Полициянын билдирүүсү боюнча Салехти өлтүргөн адам профессионал болгон жана бул окуя анын ишкердик жаатындагы ишмердүүлүгү менен байланыштуу болуусу ыктымал.