Учурда карантиндик талапка ылайык бардык маданий мекемелер жабык бойдон турат. Ошого карабастан, иштер онлайн түрүндө аткарылып жатат. Мындай маалыматты КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.
«Китепканалар интернет ресурстары аркылуу өз иштерин аткарууда. Театрлар 1-августтан тартып жумушка киришет. Бирок кырдаалга жараша алардын иш-аракеттери дагы онлайн түрүндө уланат. Тактап айтканда, ар бир театрдын коюула турган спектаклдерин алардын өздүк сайтынан көрө аласыздар, ошондой эле маалыматтарды социалдык баракчаларынан алсаңыздар болот”, — деп билдирди министр.