Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саламаттык сактоо уюмдарына жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуу үчүн кошумча 300 млн сом бөлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Акча каражаты жеке коргонуу каражаттарын тез арада сатып алуу боюнча бардык чараларды көрүүгө жана алар тарабынан медициналык кызматкерлерди камсыз кылууга тийиш болгон саламаттык сактоо уюмдарынын эсептерине которулат.