Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын тургундарынан четте калбастан, 2020-жылдын 16-июлунда Биринчи май районунун аймагындагы күндүз жана түнкү ооруканалардын дарыгерлерине жана ыктыярчыларына ыраазычылык билдирүү максатында барып келишти. Биринчи май РИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милиция кызматкерлери ооруканаларды кыдырып, дарыгерлерге ысык тамак уюштуруп, аларга коронавирус жана пневмония пандемиясына каршы күрөшүүдө эмгектери зор экендигин айтышып, ыраазычылык билдиришти.

Дарыгерлерге, медайымдарга жана ыктыярчыларга бекем ден соолук каалашып, бул илдетти жеңүү үчүн тайманбастыкты, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү каалашты, ошол эле учурда дарыгерлер жарандар менен кошо алардын коопсуздугун камсыздап жатышкан милиция кызматкерлеринин дагы ден соолукта болушун тилеп кетишти.

Ошондой эле, милиция кызматкерлери ар дайым жанында болуп, пандемияга каршы күрөштө стабилдүүлүктү камсыздоодо жардам көрсөтөт деп ишендиришти.