“Баштагыдай эле Нарын облусунда 3 облустук пост иштеп жатат. Посттон өтүп жатканда жарандардан ПЧР-анализдин жыйынтыгы тууралуу маалымкат талап кылынбайт. Болгону ар бир жарандын дене табы текшерилет. Ал эми жайлоолорго барууга эч кандай тыюу салынган жок. Тескерисинче, биз шаарда коомдук жайларга көп барбастан, мүмкүнчүлүк болсо жайлоого барып эс алууларын сунуштап жатабыз”, — деп билдирди КР Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов.

Анын айтымында, шаардан же башка аймактан каза болгон бейтапты алып келе жаткан учурда посттон алардын кайсы аймакка бара жаткандыгы тууралуу маалыматтар каттоого алынат жана ошол аймактын жетекчилигине маалымдалат. Алар өздөрү тосуп алып, андан наркы иш-чараларын өткөрүүгө көзөмөл жүргүзүшөт.