Бүгүн, 18-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 14 миллион 49 миң 207 адам жуктуруп алды. Анын 7 миллион 856 миң 405 бейтабы айыгып чыкса, тилекке каршы 601 миң 494 бейтап каза болду. Бул тууралуу Джонс Хопкинс
университетинин сайтында жарыяланды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 3 миллион 641 миң 417 адамдан коронавирус аныкталып, 139 миң 175 адам каза болсо, 1 миллион 107 миң 204 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 2 миллион 46 миң 328 адамдан аныкталды. 77 миң 851 адам каза болсо, 1 миллион 428 миң 520 бейтап айыкты.

Ал эми үчүнчү орунда Индия. Индияда 1 миллион 3 миң 832 адам вируска кабылган. 25 миң 602 бейтап көз жумса, 635 миң 757 бейтап оорудан сакайган.