Армения территориясынын Азербайжан тарабынан аткылоо фактысы боюнча Армениия Тергөө комитети тарабынан 37 кылмыш иши козголгон.

Тергөө комитетинин маалыматына ылайык аталган кылмыш иштери «киши өлтүрүү жана улутту жектөө мотиви боюнча көпчүлүк адамдардын өмүрүнө кооптуулук жаратуучу ыкма аркылуу эки же андан көп адамдын өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча козголгон.

Буга чейин ТК 12-июлдан тартып 16-июлга чейин Азербайжан куралдуу күчтөрү армян территориясын танктардан, миномёттордон, Д-30 гаубица жана башка артиллериялык куралдардан аткылагандыгы тууралуу жар салган.

Белгилей кетсек, Армения жана Азербайжан ортосунда куралдуу кагылышуулар 12-июлдан бери уланып келет.