Бишкек шаарында күндүзгү жана түнкү стационарларда жардам сурап кайрылгандардын агымы азайды, деп билдирди мэрия.

Белгиленгендей, ооруканалар күчөтүлгөн режимде иштешет, бирок күн сайын келгендердин саны азайып баратат.

Эгерде бир жума мурун күндүзгү ооруканалар күнүнө дээрлик беш миң адамды кабыл алса, кечээ,  3 миң 489 адам  дарыгердин консультацияларын алышты, 16 адам ооруканага жаткырылды.

20-июлга караган түнү үч түнкү стационарга 665 адам кабыл алынган, бир гана адам ооруканага жаткырылган. Акыркы сутка ичинде ооруканаларда эч кандай өлүм болгон жок.