Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого жумшала турган акча боюнча маалымат берди. Мекеменин расмий сайтына жарыяланган маалыматта канча сом кандай максатта коротулары, кимге канча төлөнүп берилери жазылган.

Аймактык жана участкалык 2464 шайлоо комиссиясы (анын 44ү чет өлкөлөрдө) түзүлүп, алардын 31483 мүчөсү болот. Участкалык комиссияларда иштөөгө 1846 оператор, коопсуздукту камсыз кылууга жалпысынан 4680 милиция кызматкери тартылат.

Айлык маянага Боршайкомго 23 миллиондон, Тышкы иштер министрлигине 2,8 миллиондон жана облустарга 193 миллион сомдон ашуун акча которулат.

Иш сапарларга 8 миллион, байланышка дээрлик 7 миллион, транспорттук чыгымдарга 25 миллион, чарбалык керек-жаракка 18 миллион жана башка чыгымдарга 132 миллион сом деп пландалды.

Ошентип, жалпысынан республикалык бюджеттен быйылкы парламенттик шайлоого 446 миллион 996 миң сом каралмай болду.

Шайлоого республикалык бюджеттен алгач 732 миллион сом каралган. Бирок коронавирус эпидемиясына байланыштуу бул сумма 17-июлда 446 миллион 900 миң сомго түшүрүлгөн.

Кыргызстан парламенттик шайлоону быйыл 4-октябрда өткөрүүнү пландап жатат. Ага катышкысы келерин 44 саясий партия билдирди.

Айрым саясатчылар эпидемия учурунда шайлоо өткөрүүнүн кереги жоктугун айтып жатышат, ал эми Боршайком бул жараянды өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламент өз мөөнөтүндө шайланып, жаңы өкмөттү бекитерин 18-июлда билдирген.