Бишкектеги күндүзгү стационарда дарыгерлерге жардам берген пакистандык студент достору менен тоодо токмоктолду. Бул тууралуу Твиттерге  социалдык тармактын колдонуучулары видеотасма жарыялады.

“Пакистандык дарыгерлерге жардам берүүнү каалаган жана күндүзгү ооруканада иштеген студент эсиңиздеби? Мына ошол жигит, анын достору тоодо биздин кыргыздар тарабынан сабалган.”-деп жазылган видеонун астына.

Окуя болуп жаткан учурда пакистандык студент деп болжонгон бирөөсүнүн эпилепсиясы кармап калганын көрүүгө болот.