АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү алдындагы штабы «Америкалыктардын жеке турмушуна кийлигишүүдө жана тыңчылык кылууда» деп TikTok тиркемесине кине койду.

«TikTok сиздердин жеке турмушуңуздарга тыңчылык кылууда. Анын дал мына ушундай аракет кылып жаткан жеринен айыбы ачылды»,-делет Трамптын штабынын Facebook баракчасындагы жарнагында. Ошондой эле, штаб АКШда бул тиркеменинин иштөөсүнө тыюу салуу керекпи?-деген сурамжылоого шилтеме калтырган.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео TikTok тиркемесинин ишине калган кытайлык социалдык тармактар менен бирге эле тыюу салынуусу мүмкүн экендигин жар салган. TikTok америкалык бийликтин тыңчылык кылууда деген кыяздагы шектенүүсүн бир беткей четке кагууда.