“Өкмөт ыкчам түрдө Бишкек жана Ош шаарларында 100 койко-орунга ылайыкталган заманбап клиникаларды курууну пландап жатат. Алардын ичинде 25-30 интенсивдүү терапия палаталары болмокчу. Бишкек шаарында курулуш иштери ушул жуманын аягында баштоо пландалып, учурда тийиштүү документтер каралып жатат” — деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, региондордо иштебей турган бош имараттарда 100 -200 койко — орунга ылайыкталган стационарларды даярдап, керектүү жабдуулар менен камсыздоого даярдыктар жүрүп жатат.