Нарын облусунун аймагында милиция кызматкерлери сактык чараларын сактоо менен иш алып барууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын анын ичинде Нарын облусунун аймагына коронавирус илдети катталган учурдан бери Нарын ОИИБнин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп келүүдө.

Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери жер-жерлерде мобилдик топтор менен биргеликте жарандардын абалын жеринде көрүшүүдө. Алардын арасында милициянын ардагерлерин Нарын ОИИБнын алдындагы медицина кызматкерлери менен биргеликте барып кабар алышууда. Аларга керектүү болгон азык-түлүктөн жана дары-дармектерден жардамдар көрсөтүлүүдө.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө милиция кызматкерлеринин арасында ооруп калган кызматкерлерди дарылоо максатында Нарын ОИИБнын алдында атайын кошумча күндүзгү стационардык бөлүм даярдалып жатат. Атайын демөөрчүлөр тарабынан эки кислороддук концентратору жана керектүү медициналык каражаттар, дары-дармектер менен камсыз болду.

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы